Казакстан дүйнөнүн алдыңкы экономикалары жана ири эл аралык корпорациялары менен инвестициялык кызматташтыгын кеңейтип жатат. Иштеп чыгаруучу өнөр жайга жана чийки эмес тармактарга капиталды тартууга өзгөчө көңүл бурулууда. Ошол эле учурда тышкы соода байланыштары бекемделип жатат. Бул жылдын 9 айында соода жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрү 103 миллиард долларга жетип, дээрлик 13% өстү. Республика күнүнүн алдында Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун серепчилери жыйынтык чыгарышууда.
Нурдаулет Нариманов, Президент алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун Глобалдык экономика жана туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн улук серепчиси:
– Чынында, бул — биз үчүн чоң жетишкендик. Анткени быйыл кайра иштетүү тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясынын өсүшүнө 14 пайыздык салым кошту. Ал эми тоо-кен казуучу сектор – 12%. Демек, бул мамлекеттин баалуураак кошумча нарктуу өнүмдөргө жана буюмдарга өткөндүгүнүн психологиялык өткөөл мезгили. Казакстандагы чет элдик капиталдын катышуусунун масштабы өзгөчө акыркы 7 жылдын узак мөөнөттүү мезгилинде көрүнөт, башкача айтканда, 2019-жылдан бери Казакстан 156 миллиард доллардан ашык түз чет элдик инвестицияларды тартты.
Казакстан Борбордук Азияга тартылган түз чет элдик инвестициялардын 70% дан ашыгын түзөт. Биринчи кезекте, инвесторлордун укуктарын коргоонун эң жогорку деңгээлин жаңыртылган конституциялык ченемдер камсыз кылат. Мындан тышкары, чет элдик инвесторлордун кеңеши Президенттин алдында жана Инвестициялык штаб Өкмөттүн алдында капиталды тартууга жана чет элдик бизнес менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт. Өлкөдө Инвестициялык омбудсмен институту жана «Астана» Эл аралык каржы борбору, англис укугунун принциптерине негизделген өзүнүн көз карандысыз соту менен иштейт. Бирок, серепчилер баса белгилегендей, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугу бул институттардын натыйжалуулугу менен гана эмес, адам капиталынын сапаты менен да аныкталат. Бул биргелешип, Казакстандын бүткүл аймактын инвестициялык лидери катары позициясын сактап калуу үчүн бекем негиз түзөт.
Нурдаулет Нариманов, Президент алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун Глобалдык экономика жана туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн улук серепчиси:
– Бул чындыгында инвесторлор үчүн өтө маанилүү, анткени алар биз менен иштеше аларын, бизнести башкарууга даяр жана инвестиция салууга даяр казакстандыктар бар экенин көрүшөт. Бизде орто баскычтагы адистер, ошондой эле инженердик, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында эл аралык билим алган жогорку деңгээлдеги адистер бар. Демек, чет элдик өнөктөштөр буга абдан ыраазы болуп, биздин аймактагы флагман экенибизди көрүп жатышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

