Казакстан мамлекеттик башкарууну санариптештирүү жаатында
Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгын бекемдөөдө. Астанада Тажикстандан
келген 15 мамлекеттик кызматкер үчүн окуу семинары башталды. Аны Казакстандын
эл аралык өнүктүрүү агенттиги KazAID Тажикстандын санариптик негиздерин ишке
ашыруу борбору менен биргеликте, Улуттук маалыматтык технологиялардын
колдоосунда уюштурду. Бир жуманын ичинде алар санариптик трансформация,
электрондук өкмөттү өнүктүрүү, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү
санариптештирүү, маалыматтык коопсуздук маселелери жана заманбап IT-чечимдерди
киргизүү боюнча казакстандык тажрыйбаны изилдешет. Программа тармактык адистер менен
жолугушууларды, борбор калаадагы алдыңкы санариптик борборлорго барууну жана
өлкөдөгү негизги долбоорлор менен таанышууну камтыйт. Уюштуруучулар
Казакстандын санариптештирүү жаатында эл аралык кызматташтыкты ырааттуу
өнүктүрүп, мамлекеттик башкаруу системасында натыйжалуулугун далилдеген
практикалык чечимдерди бөлүшүп жатканын белгилешет.
Жандос Асанов, Казакстандын эл аралык өнүктүрүү
агенттиги (KAZAID) башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу:
– Алардын баары мамлекеттик кызматкерлер. Тажикстан Республикасынын ар түрдүү агенттиктеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү Казакстандын тажрыйбасын үйрөнүү үчүн Астана шаарына келишти. Мурда белгилегендей, 2023-жылы Казакстан Тажикстан Республикасына e-GOV программалык камсыздоосун, башкача айтканда, даяр санариптик чечимди өткөрүп берген. Ошондуктан бул иш-чара да санариптештирүү тармагындагы кызматташтыктын уландысы болуп саналат. Бул өнөктөш өлкөлөрдүн Казакстандын санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктерин жогору бааларын дагы бир жолу тастыктайт.
Дина Кхера, «Улуттук маалыматтык технологиялар» акционердик коомунун өнүмдөрдү илгерилетүү бөлүмүнүн мүдүрү:
– Биз 25 жылдан ашуун убакытта топтолгон тажрыйбабыз менен сыймыктанабыз жана аны бөлүшүүгө даярбыз. Бул мезгил аралыгында өкмөттүн ишин камсыздаган санариптик чечимдерди иштеп чыгуу боюнча чоң тажрыйба топтодук. Ошондой эле бул чечимдер Казакстандын жарандарына өлкө ичинде да, анын чегинен тышкары да заманбап кызматтарды пайдаланууга мүмкүндүк берип, олуттуу социалдык-экономикалык натыйжа берүүдө. Ошондуктан биз өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө кубанычтабыз. Коңшу өлкөлөр жана башка мамлекеттер да биздин технологияларды жана санариптик чечимдерди жеңил пайдалана алышын каалайбыз.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

