Казакстан жаңы үлгүдөгү армия түзүүнү көздөйт

Казакстан жаңы үлгүдөгү армия түзүүнү көздөйт

Казакстандын Президенти Коргоо министрлигин текшерүү боюнча комиссия мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Жолугушууда заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп бере ала турган жаңы үлгүдөгү армияны түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Касым-Жомарт Токаев аткарылган иштин алгачкы жыйынтыктары тууралуу баяндаманы укту. Мамлекет башчысы Комиссияга аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча так сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды. Текшерүүнүн жыйынтыгы Куралдуу күчтөрдү реформалоо планын даярдоодо эске алынышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков