Казакстанда гуманоиддик роботторду өндүрүү башталат. Алар Embodied AI технологиясынын негизинде
жаратылат – бул роботтук системалар аркылуу дүйнө менен өз ара аракеттенүүгө
жөндөмдүү жасалма интеллект. Долбоордун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн болжол
менен 200 миллион доллар инвестиция тартылды. Бул алкакта борбордо өндүрүш ишке
киргизилет, ошондой эле инженердик иштеп чыгууларды, сервисдик инфраструктураны
жана ЖИ-технологияларды өндүрүүнү бириктирген заманбап Robotics & AI Hub түзүлөт.
Азамат Ешмухаметов, Qazbot Technologies техникалык мүдүрү:
– Биз бул долбоордун алкагында заводдун капсуласын түптөдүк. Пландар ишке
ашат деп күтөбүз жана бир жылдан кийин сиздер заводдун салтанаттуу ачылышына
күбө болосуздар. Бул долбоор уникалдуу, ал Казакстан үчүн чоң мааниге ээ. Завод
заманбап талаптарга жооп берген жогорку технологиялуу жана инновациялык өнүмдү
чыгарат.
Долбоор Qazbot Technologies эл аралык AgiBot компаниясы менен биргеликте,
жогорку деңгээлде жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашырылууда.
Астанадагы форумда келечектеги өндүрүштүн маанилүү багыттары талкууланды. Булар
– роботтор үчүн механикалык компоненттер, кыймыл системалары жана жасалма
интеллектке негизделген программалык камсыздоо.
Лю Сухе, Lingxi
Agibot компаниясынын вице-президенти:
– Бизде
өнөр жайда кеңири кызматташтык түзүлгөн. Кийинки жылы биз чечимдерибизди жаңы
тармактарда колдонууну кеңейтүүнү пландап жатабыз. Ал эми гуманоиддик
роботтордун жана физикалык жасалма интеллекттин өнүгүшү менен, бул жерде,
Казакстанда, кызматташтык кеңейет деп ойлойм, анын ичинде жергиликтүү бренддер,
робот өндүрүүчүлөр жана жеткирүү чынжырынын башка катышуучулары менен да.
Менимче, жакынкы беш жылдын ичинде бул багыт активдүү өнүгүп, ишке ашат.
Которгон: Назира Бегалиева

