Казакстанда чек ара инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмү 2,6 эсеге өстү

Казакстанда чек ара инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмү 2,6 эсеге өстү

Казакстандын чек ара инфраструктурасынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 2,5 эседен ашык көбөйдү. Бул акыркы үч жылдагы өткөрүү пункттарын модернизациялоонун натыйжасы. Өлкөдөгү автоунаа өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына болжол менен 2 миллиондон 5 миллионго чейин артты. Ошол эле учурда жүк ташуучу унааларды өткөрүү убактысы 9 сааттан 30 мүнөткө чейин кыскарды. Бул тармакка киргизилип жаткан санариптик чечимдерге оң таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, темир жол тармагында Кытай-Казакстан-Борбор Азия каттамы боюнча транзиттик декларацияларды автоматтык түрдө басып чыгаруу механизми ишке ашырылууда. Бул өткөрүү убактысын 3 саат 30 мүнөткө чейин кыскартат деп күтүлүүдө. Жүк ташууларды андан ары тездетүү үчүн «жашыл коридор» принциби киргизилмекчи. Кийинки этап - жүктөрдү өткөрүүдө өнөктөш өлкөлөрдүн экспорттук жана транзиттик декларацияларынан алынган маалыматтарды автоматтык түрдө колдонууну камтыган «тоскоолдуксуз транзит» долбоору болот.

Габит Оразов, мамлекеттик киреше комитетинин бажы көзөмөлү департаментинин мүдүрү:

– KEDEN маалымат системасы ишке киргизилди. Анын алкагында алдын ала маалымат берүү модулу ишке киргизилди жана бүгүнкү күндө тышкы экономикалык катышуучулар же ташуучулар өткөрүү пунктуна келгенге чейин документтерин алдын ала тапшырып, андан кийин өткөрүү пунктуна унаа менен келсе, тоскоолдуксуз өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул азыр иштеп жатат. Бул маалымат системасында, башкача айтканда, өткөрүү пунктундагы башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери «бирдиктүү терезе» принциби боюнча иштешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков