Казакстан жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк ордун бекемдөөдө

Казакстан жасалма интеллект тармагындагы дүйнөлүк ордун бекемдөөдө

Санарип экономикасын жасалма интеллекттин негизинде куруу - бул маселени Президент Касым-Жомарт Токаев өз Кайрылуусунда койгон. Бул үчүн Казакстанда эсептөө кубаттуулугу кеңейтилип жатат. Эки суперкомпьютер ишке киргизилип, жылдын аягына чейин үчүнчүсүн ишке киргизүү пландалууда. Ошол эле учурда жаңы маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору курулууда. Чет элдик серепчилер өлкөнүн келечегин белгилеп жатышат. Алардын пикиринде, өз инфраструктурасын өнүктүрүү Казакстандын технологиялык көз карандысыздыгын бекемдеп, аймактык IT борбору катары ордун күчөтөт. Ошону менен бирге, өлкө жасалма интеллектти колдонуу боюнча эл аралык эрежелерди түзүүгө да катыша алат. Алматыда Борбордук Азия жана Ооганстан үчүн туруктуу өнүгүү максаттары боюнча БУУнун Регионалдык борбору иштеп жатат.

Сэм Доуз, Oxford Martin Ai Governance initiative улук кеңешчиси:

– Борбордук Азия АКШ, Кытай жана Европа сунуштаган жасалма интеллектти жөнгө салуунун ар кандай ыкмаларынын ортосунда байланыштыруучу звено боло алат. Бул технологиялар адамдарга чыныгы пайда алып келиши маанилүү. Жаңы технологияларды медицинада, өнөр жайда, билим берүүдө жана башка тармактарда пайдаланса болот.

Кристофер Ламонт, Global Governance Institute интеллектуалдык иштөөнү башкаруу программасынын жетекчиси:

– Казакстан бүгүн жасалма интеллекттин жаңы экономикасындагы ордун аныктай турган маанилүү чечимдерди кабыл алууда. Өзүнүн инфраструктурасына инвестиция салуу өлкөгө чет өлкөлүк технологиялардан көз карандылыгын азайтууга жана өз алдынчалыгын бекемдөөгө жардам берет. Ошол эле учурда, казакстандык стратегия буга чейин чет өлкөлөрдө кызыгууну жаратууда. Башка мамлекеттер аны жасалма интеллект боюнча өз технологияларын өнүктүрүү үчүн мүмкүн болгон үлгү катары карап жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков