Алматыда калдыктарды энергетикалык жол менен утилизациялоочу завод курулат

Алматыда калдыктарды энергетикалык жол менен утилизациялоочу завод курулат

Алматыда таштандыларды энергетикалык жол менен утилизациялоочу завод ачылат. Учурда курулуш-монтаждоо иштерин баштоого даярдык көрүлүүдө. Бугу айында башталган долбоордун ишке ашуусунун жүрүшүн Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов «Hunan Junxin Environmental Protection» компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Дай Даого менен талкуулады. Заводго 145 миллиард теңге инвестиция салынат. Бул тараптардын ортосунда мурда түзүлгөн инвестициялык келишимде каралган. Ишкана суткасына 2 миң тоннага чейин таштандыны кайра иштетип, 60 мегаваттка чейин электр энергиясын өндүрө алат. Жаңы завод жылына болжол менен 200 миң тоннага жакын көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын азайтат. Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүү келечеги да талкууланды. Казакстандын башка ири шаарларында да ушундай ишканаларды куруу пландалууда.

Которгон: Назира Бегалиева