Казакстандын трансформациясы уланууда. Президент Касым-Жомарт Токаевдин
реформалары саясий тутумду жана мамлекеттик институттарды ырааттуу өзгөртүүдө.
Биринчи кадам 2022-жылдагы конституциялык реформа болду. Республикалык
референдумда казакстандыктар Баш мыйзамдын 33 беренесине 56 өзгөртүүнү колдоп
беришти. Саясий модернизациянын жаңы этабы бийликтерди кайра бөлүштүрүүнү жана
Парламенттин ролун күчөтүүнү, «Күчтүү Президент – Таасирдүү Парламент – Отчет
берүүчү Өкмөт» формуласын бекемдеди. Мындан тышкары, өзгөртүүлөр президенттик
ыйгарым укуктарды бир жети жылдык мөөнөт менен чектөө, жаңы региондорду жана
Конституциялык сотту түзүүгө тиешелүү болду. Ошондой эле, Баш мыйзамда Адам
укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусу бекемделген. Ошол эле учурда,
Президент Токаев «Адилеттүү Казакстанды» курууга багыт алды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
– 2022-жылдагы референдум улуттун мамлекетибиз алдына
коюлган стратегиялык милдеттердин тегерегиндеги консолидациясынын теңдешсиз
деңгээлин белгиледи. Жарандардын сунушталган жаңы саясий курсун жалпы колдоо
анын кайтарылгыс болушун күчөттү. Тарыхый ченемдер боюнча өтө кыска убакыттын
ичинде коом саясий жетилгендикке жана жарандык жоопкерчиликке карай
фундаменталдык эволюцияны башынан өткөрдү.
2023-2025-жылдары Казакстанда мамлекеттик институттарды кайра куруу уланды.
Аралаш система боюнча Мажилис жана маслихат шайлоолору өттү, жарандардын
укуктарын коргоо механизмдери жана коомдун башкарууга катышуу мүмкүнчүлүктөрү
кеңейтилди. Жана акыры – 2026-жыл. Реформалардын жаңы этабы башталган жыл.
Казакстандын тарыхындагы тарыхый окуя. Өзгөртүүлөр Конституциянын 77 беренесин
же текстинин 84% камтыды. Ал эми жалган куран айынын 15инде жалпы республикалык референдумда Жаңы
Конституция кабыл алынып, теке айынын 1де
күчүнө кирди. Ошентип, Баш мыйзамдын кириш сөзүндө мамлекеттүүлүктү
чыңдоо идеялары, ошондой эле адам капиталын, билимди, илимди жана
инновацияларды өнүктүрүү багыттары бекемделди.
Конституция ошондой эле өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн эң маанилүү негиздери
катары Адилеттүүлүк, Мыйзам жана Тартип принциптерин жарыялайт.
Динара
Закиева, Казакстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу
өкүлү:
– Биринчиден, адамга багытталган идея жана адам
укуктарынын жана эркиндиктердин артыкчылыгы Конституциянын бүтүндөй тексти
аркылуу өтөт. Мисалы, эгерде преамбулага кайрылсак, анда адам укуктарын жана эркиндиктерин
катуу сактоону жарыялагандыгын көрө алабыз.
Которгон:
Назира Бегалиева

