Бүгүн Курултайдын депутаттары Казакстандын Өзбекстан жана Пакистан менен болгон бажы кызматташтыгы жөнүндөгү макулдашууларды ратификациялоо боюнча мыйзамдарды эки окууда кабыл алышты. Алар маалыматтарды ыкчам алмашууну, тийиштүү мекемелердин аракеттерин макулдашууну жана укук бузууларды биргелешип алдын алууну караштырат. Өзбекстан менен эки өлкөнүн аймактарында бажы кызматтарынын өкүлчүлүктөрүн ачуу боюнча макулдашылды. Ал эми Пакистан менен товарлардын келип чыгышы жана наркы, ошондой эле экспорттук, транзиттик декларациялар жөнүндө маалымат алмашуу каралган. Каржы министри Мади Такиевдин айтымында, макулдашууларды ратификациялоо чек арадан өтүүнү тездетип, жүктөрдүн кармалышын кыскартат.
Мади Такиев, каржы министри:
– Бул эмне берет? Биринчиден, бул бизнес үчүн тобокелдиктерди азайтат. Биз аларды чек арада кармап, текшербейбиз жана баарын түшүрүп, жүктөбөйбүз. Карап көрүп, эгер баары жакшы болсо, анда ал андан ары өтөт. Пакистан менен соода жүгүртүүбүз азырынча аз, бирок ал биздин түштүк коңшубуз болгондуктан, келечекте дагы өсөт деп ишенебиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

