Жылдын аягына чейин
Түндүк Арал деңизине кошумча 1,2 миллиард чарчы метр суу жөнөтүлөт. Бул
Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги тарабынан ишке ашырылып
жаткан суу сактагычты калыбына келтирүү боюнча масштабдуу программанын бир
бөлүгү. Көрүлгөн чаралардын аркасында Түндүк Аралдагы суунун көлөмүн көбөйтүү,
анын туздуулугун азайтуу жана аймактын экосистемасын сактоо жана балык
чарбачылыгын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү пландалууда. Ошол эле
учурда, өлкө Дүйнөлүк банк менен бирге Көкарал дамбасын реконструкциялоо боюнча
долбоордун экинчи этабын даярдап жатат. Тиешелүү министрлик 2030-жылга чейин
суу ресурстарын башкаруу системасын өнүктүрүү концепциясынын алкагында бардык
иштер жүргүзүлүп жатканын белгилейт.
Нуржан
Нуржигитов, Суу ресурстары жана ирригация министри:
– Түндүк Арал деңизинин суусунун
көлөмү буга чейин 23,5 миллиард куб метрге жетти. Күзүндө Шардара суу
сактагычынан деңиз деңгээлин көтөрүү үчүн этап-этабы менен кошумча суу жөнөтүлө
баштайт. Кийинки этап Көкарал дамбасын реконструкциялоо болот. Бийиктигин эки
метрге көтөргөндөн кийин Түндүк Арал дагы 7 миллиард куб метр суу топтоого
мүмкүнчүлүк алат. Натыйжада, суу сактагычтын жалпы көлөмү 34 миллиард чарчы
метрге чейин көбөйөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

