Казакстан мунайды кайра иштетүүнү 29 млн тоннага жеткирүүнү көздөйт

Казакстан мунайды кайра иштетүүнү 29 млн тоннага жеткирүүнү көздөйт

Казакстан мунайды кайра иштетүүнүн көлөмүн олуттуу түрдө көбөйтүүнү көздөйт. Ошентип, өлкөдөгү үч иштеп жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводдун жалпы кубаттуулугун азыркы 17,5 миллион тоннадан жылына дээрлик 29 миллион тоннага чейин көбөйтүү пландалууда. Шымкенттеги завод 2030-жылга чейин кубаттуулугун эки эсеге - 6 миллиондон 12 миллион тоннага чейин, Павлодардагы заводдуку - 6 миллиондон 9 миллион тоннага чейин кеңейтиши керек, ал эми Атырау мунайды кайра иштетүүчү заводунда бул көрсөткүч 6 миллион тоннага чейин өсүшү мүмкүн. Мындан тышкары, өлкөдө төртүнчү ири мунайды кайра иштетүүчү заводду куруу маселеси каралууда. Жалпысынан, узак мөөнөттүү келечекте Казакстанга жылына 40 миллион тоннага жакын кайра иштетүү кубаттуулугу талап кылынат. Тармакты өнүктүрүү маселелери өлкөнүн премьер-министринин төрагалыгы астында өткөн жыйында талкууланды. Олжас Бектенов жылдын аягына чейин төртүнчү мунайды кайра иштетүүчү ишкананын негизги параметрлерин аныктоону тапшырды. Бул анын кубаттуулугун, жайгашкан жерин, чийки базасын, экономикалык моделин камтыйт. Ошол эле учурда иштеп жаткан мунайды кайра иштетүүчү заводдорду модернизациялоо жана ички рынокту мунай заттары менен камсыздоо мөөнөттөрүнө өзгөчө көңүл буруу керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков