Казакстан Президентинин кайрылуусу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл борборунда

Казакстан Президентинин кайрылуусу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүл борборунда

Президент Касым-Жомарт Токаевдын «Казакстандын жаңы тарыхый циклинин актуалдуу милдеттери» аттуу кайрылуусу чет элдик массалык маалымат каражаттарында кызыгууну жаратты. Чет элдик ЖМКлар өлкө башчысы белгилеген мамлекетти мындан ары өнүктүрүү үчүн негизги артыкчылыктарды өз материалында белгилешти. Алардын катарында – инфраструктураны масштабдуу модернизациялоо, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө, транспорттук каттамдарды кеңейтүү, жасалма интеллектти өнүктүрүү жана капиталды тартуу бар.

Айта кетсек, Euronews Казакстанда атомдук энергетиканы өнүктүрүүгө көңүл бурду. Басылмада өлкөнүн жаңы АЭСтерди курууну тездетүү пландары жөнүндө айтылат. Атап айтканда, «Балхаш» станциясында иштерди кийинки жылы баштоо жана «Мойынкум» долбоору боюнча келишим даярдоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө сөз болот. Журналисттер ошондой эле президенттин атомдук тармактын келечектеги муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн урандын стратегиялык корун түзүү сунушун белгилешти.

Немис Deutsche Welle Казакстандын Евразиянын логистикалык түйүнү катары позициясын бекемдөө пландарын белгиледи. Макалада «Бахты-Аягөз» темир жолу жана Арал-Каспий автожолу долбоорлору кеңири берилген. Алардын ишке ашырылышы транспорттук коридорлордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана Азия менен Европанын ортосундагы жүк ташууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.

Индиянын The Economic Times басылмасы Казакстандын технологиялык өнүгүүсүнө көңүл бурду. Басылма өлкөнүн даяр чет элдик иштеп чыгууларды колдонуудан өз компетенцияларын түзүүгө өтүү аракетин белгилейт. Башка маанилүү милдеттер катары энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, инфляцияны кармоо жана экономиканын өндүрүш тармагын каржылоону көбөйтүү аталган.

Өз кезегинде, Кытайдын Синьхуа агенттиги масштабдуу инфраструктураны модернизациялоону каржылоого көңүл бурду. Ошентип, 2029-жылдын аягына чейин Улуттук фонддон бул максаттарга болжол менен 6,5 триллион теңге багыттоо пландалууда. Анын ичинен жарым триллион социалдык долбоорлорду ишке киргизүүгө каралган.

Түштүк кореялык Aju News басылмасы жалпы улуттук курулуш программасын белгиледи. Кеп аймактарда ооруканаларды, мектептерди, темир жолдорду жана электр станцияларын куруу жөнүндө болуп жатат. Журналисттер өлкөдөгү социалдык саясаттын өнүгүшүнө да токтолушту. Атап айтканда, басылма өлкөдө минималдык эмгек акыны 30% көтөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул 1,8 миллионго жакын казакстандыктын кирешесине таасир этет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков