Казакстан Президенти Жогорку соттун төрагасын кабыл алды

Казакстан Президенти Жогорку соттун төрагасын кабыл алды

Казакстанда сот системасына болгон абсолюттук ишенимдин деңгээли 2023-жылы 55,2 пайызды түзсө, быйыл дээрлик 70 пайызга жетти. Сот тутумунун 9 айлык жыйынтыктары жана сот өндүрүшүн санариптештирүү боюнча Президент Касым-Жомарт Токаевге бүгүн Жогорку Соттун төрагасы Асламбек Мергалиев маалымат берди. Ал соттор тарабынан болжол менен 25 миң кылмыш иши жана алты жүз беш миңден ашык жарандык иш каралганын белгиледи. Мындан тышкары, 30 миңге жакын административдик иш жана 319 миң административдик укук бузуулар боюнча иштер каралган. Көпчүлүк талаш-тартыштардын дээрлик жарымы медиация жана башка альтернативдик жолдор менен жөнгө салынды. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев сот адилеттигинин сапатын мындан ары да жогорулатуунун жана сот системасын модернизациялоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков