Казакстан Президенти «Атлетико Мадрид» клубунун башкы мүдүрүн кабыл алды

Казакстан Президенти «Атлетико Мадрид» клубунун башкы мүдүрүн кабыл алды

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев испаниялык футбол клубунун башкы мүдүрү Мигель Анхель Хиль Марин менен жолугушууда «Атлетико Мадрид» менен ийгиликтүү кызматташууну жогору баалап, казакстандык оюнчулардын жаңы муунун даярдоо үчүн испаниялык футбол мектебинин тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, өлкө учурда спортчуларды даярдоо программаларына, машыгуу базаларына жана заманбап инфраструктурага активдүү инвестиция салууда. ФИФА менен биргеликте бардык аймактарда балдар үчүн 100дөн ашык футбол аянтчасы курулууда. «Атлетико Мадрид» клубунун башкы мүдүрү футболду жайылтканы үчүн Президентке ыраазычылык билдирип, келечекте Алматы облусундагы «Атлетико Мадрид» академиясы мыкты окуу-машыгуу комплекстеринин катарына кошулушу мүмкүн экендигин белгиледи. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Мигель Анхель Хиль Маринди Казакстанда футболду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз жамалбеков