Астанада «Келечек оюндары» мультиспорттук турнири башталды. Казакстан мындай мелдештерди биринчи жолу кабыл алууда. Анда классикалык спорт менен санариптик технологиялар айкалышат. Салтанаттуу ачылыш аземинде Президент Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө фиджитал-спорт дүйнөнүн 115тен ашык мамлекетинде өнүгүп жатат. 12 күнгө созула турган мелдеште дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн келген 800дөн ашуун спортчулар жеңиш үчүн ат салышат. Программага фиджитал-футбол, баскетбол, мушташ өнөрлөрү, шутер, бий, ошондой эле Dota 2 жана Mobile Legends боюнча турнирлер кирген. «Келечек оюндарына» 100 миңден ашуун көрүүчү келери күтүлүүдө. Мелдештин өтүшү окуялык туризмди өнүктүрүүгө түрткү берип, Казакстандын эл аралык аренадагы имиджин бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Дэн Меркли, Phygital
International компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү:
– Оюндарды уюштуруу деңгээли да, техникалык жактан өткөрүлүшү да эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берет деп ишенем. Мындай масштабдуу долбоорду Казакстан менен биргеликте ишке ашырып жатканыбызга сыймыктанабыз. Сиздердин өлкөдө фиджитал-спортту өнүктүрүүнүн келечеги кең экенине чын жүрөктөн ишенем.
Астанада учурда «Келечек оюндары» программасындагы негизги иш-чаралардын бири болгон Дүйнөлүк фиджитал-саммит өтүп жатат. Бир аянтчага Казакстан, БАЭ, Орусия, Өзбекстан, Азербайжан жана Беларусь өлкөлөрүнүн тиешелүү министрликтеринин жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү чогулду. Талдоочулар турнир аяктагандан кийин анын кандай мурас калтырарын талкуулашууда. Алардын пикиринде, мындай мелдештер IT чечимдерин өнүктүрүүгө түрткү берип, инфраструктураны модернизациялоону тездетет жана креативдүү индустриялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошондой эле фиджитал формат жаштарды өздөрүнө жакын болгон санариптик чөйрө аркылуу спортко тартууга өбөлгө түзөт. Бул технология менен классикалык спорт жаңы маданияттын бир бөлүгүнө айланган спортчулардын жаңы муунунун калыптанышына шарт түзөт.
Адхам Икрамов, Өзбекстан
Республикасынын Спорт министри:
- Өзбекстан менен Казакстан жасалма интеллект багытында биргеликте өнүгүү жолунда бара жатат. Бул мамлекет башчылары тарабынан көрсөтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги колдоонун айкын далили. Бүгүнкү күндө биз жаштардын доорунда жашап жатабыз. Санариптик технологиялар менен эрте жаштан таанышып, гаджеттер менен чоңойгон муундун талабына ылайык өнүгүшүбүз керек. Ошондуктан маалыматтык технологиялар тармагындагы жаңы тенденцияларга шайкеш болуп, жаңы өзгөрүүлөрдүн алдыңкы сабында турушубуз зарыл.
Которгон: Назира Бегалиева

