Казакстан менен Өзбекстан экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Казакстан менен Өзбекстан экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Биргелешкен өндүрүштөрдү ишке киргизүү, инвестицияларды кеңейтүү жана бирдиктүү санариптик соода коридорлорун өнүктүрүү. Бул маселелер Ташкентте өткөн Өзбекстан-Казакстан бизнес-форумунда башкы орунду ээледи. Бир аянтчага мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү институттарынын, тармактык бирикмелердин жана бизнестин өкүлдөрү чогулушту. Өлкөбүздүн атынан 100дөн ашуун алдыңкы компаниялар катышты. Бул курулуш жана жеңил өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, транспорт жана логистика, медицина, фармацевтика, туризм, IT жана унаа куруу ишканалары. Тараптар бүгүнкү күндө бизнес-коомчулук аймактык экономикалык интеграциянын негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бирине айланып жатканын белгилешти.

Канат Шарлапаев, Казакстан Республикасынын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасынын президиумунун төрагасы:

– Ушул сыяктуу форумдар өзбекстандык жана казакстандык ишкерлердин түздөн-түз жолугуп, өз ара пикир алышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Алар транзит, фитосанитардык уруксаттар жана башка актуалдуу маселелерди көтөрүп, өз ара талкуулашат. Андан соң бул сунуштар Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасы жана Казакстандын «Атамекен» Улуттук ишкерлер палатасы аркылуу эки өлкөнүн өкмөттөрүнө жеткирилет.

Эки тараптуу экономикалык өнөктөштүктүн жигердүү өнүгүп жатканын сандар да далилдеп турат. Өткөн жылы Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү дээрлик 5 миллиард долларга жетип, анын 3,5 миллиардын казакстандык экспорт түзгөн. Ал эми быйыл көрсөткүчтөр андан да жогорулады. Алгачкы беш айда өз ара сооданын көлөмү 2 миллиард доллардан ашып, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37% өстү. Эми Казакстан менен Өзбекстандын алдында соода жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүү милдети турат.

Алишер Шайхов, Соода-өнөр жай палатасынын төрагасынын кеңешчиси:

– Бүгүн агроөнөр жай жана өнөр жай тармактарындагы кооперация маселелери талкууланды. Бул эмнеси менен маанилүү? Анткени учурда соода көлөмү кыйла өсүп, казакстандык компаниялар Өзбекстандын рыногунда, өзбекстандык компаниялар болсо Казакстандын рыногунда ийгиликтүү иш алып барууда. Бирок бүгүн сөз жөн гана соода-сатык  жөнүндө эмес, товарларды биргелешип өндүрүү тууралуу жүрүүдө. Мындай өнүмдөрдү бири-бирибизге гана эмес, башка өлкөлөргө да экспорттоого болот.

Форумдун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты. Тараптар муну бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу аркылуу бекемдешти. Алардын бири — жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары үчүн Казакстандын арматура-изолятор заводунун өнүмдөрүн Өзбекстанга жеткирүү келишими болду.

Которгон: Назира Бегалиева