Душанбе шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн IV Парламенттер аралык форуму болуп өттү. Анда аймакта тынчтыкты, коопсуздукту жана гүлдөп-өнүгүүнү чыңдоо маселелери талкууланды. Санариптик кызматташтыкты өнүктүрүү негизги темалардын бири болду. Казакстандын делегациясын Курултайдын Төрагасы жетектеди. Айбек Дадебай Казакстандагы саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, ошондой эле Президенттин Кайрылуусунда белгиленген артыкчылыктар тууралуу айтып берди. Мындан тышкаары, ал «Kazakhstan Physical AI Data Factory» концепциясынын негизинде Индустрия 4.0 тармагында аймактык долбоорлорду ишке ашыруу демилгесин көтөрдү. Бул аймак өлкөлөрүнүн өнөр жайлык маалыматтарды чогултуу жана жаңы технологиялык чечимдерди иштеп чыгуу боюнча аракеттерин бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Катышуучулар климаттык коопсуздук, соода, транспорт жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Казакстан тарабы серепчилердин жана Аралды сактоо боюнча Эл аралык фонддун өкүлдөрүнүн катышуусунда суу маселелери боюнча үзгүлтүксүз парламенттер аралык диалог жүргүзүүнү жактады. Форумдун жыйынтыгында кызматташтыктын мындан аркы багыттарын аныктаган Душанбе декларациясы кабыл алынды.
Айбек Дадебай, Курултай төрагасы:
– Бүгүн биз аймактык, суу жана экологиялык коопсуздук, экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерин талкуулап жатабыз. Албетте, бул маселелердин баары Борбор Азия аймагынын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү. Мен ишенем, биз заманбап чакырыктарга парламенттерибиздин күч-аракетин бириктирип, мыйзам чыгаруу ишин координациялап, макулдашылган мамилелерди иштеп чыгуу менен гана биргелешип жооп беришибиз керек. Биз парламенттик дипломатия натыйжага багытталышы керек деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

