Казакстан менен Кытай «Silk Way Star» музыкалык долбоорунун экинчи сезонун баштады

Казакстан менен Кытай «Silk Way Star» музыкалык долбоорунун экинчи сезонун баштады

«Silk Way Star» эл аралык музыкалык долбоорунун экинчи сезону старт алууга даярданууда. Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплекси менен «China Media Group» медиахолдингинин биргелешкен шоусу Кытайдын Иу шаарында тартылууда. Сахнага 12 өлкөдөн келген катышуучулар чыгышат. Бул сезондо долбоордун форматы өзгөрдү — артисттердин эч кимиси аткарган чыгармаларынан кийин чектетилбейт. Алардын бардыгы он чыгарылышка тең катышып, жеңүүчү бүткүл сезон боюнча топтолгон упайлардын жалпы суммасы менен аныкталат. Муну менен катар ар бир эфирде «Эпизод жылдызы» тандалып турат. Мелдеште Казакстандын атынан Рухия Байдукенова катышууда. Айта кетсек, уюштуруучулар көптөгөн чыгармачылык чечимдерди сыр катары сактап жатышат. Көрүүчүлөр аларды эфир учурунда көрө алышат.


Рухия Байдукенова, «Silk Way Star» долбоорунун катышуучусу, Казахстан:


–  Жалпысынан долбоор 10 турдан турат жана анда 10 түрдүү жанрдагы ырларды аткарам. Алардын көбүнө сыбызгы, домбура, ал эми ырыма сызгырыктуу тамак үнү сыяктуу казак улуттук аспаптарын жана элементтерин кошуп жатам. Ушундай масштабдуу долбоордо өлкөбүздүн атынан чыгуу мен үчүн чоң сыймык. Долбоор өзү абдан кызыктуу өтүүдө, мекендештерим мени колдойт деп ишенем.


Хун Бин, «Silk Way Star» долбоорунун башкы музыкалык мүдүрү:


- Эми сынакка Түштүк Африка Республикасы, Бразилия жана Жаңы Зеландия да катышууда. Бул «Silk Way Star» долбоорун чынында эле глобалдык окуяга айландырат. Ушул өзгөчөлүк азыркы сезонду мурдагыдан өзгөчөлөп турат

Которгон: Назира Бегалиева