Түндүк Казакстан
облусунун тургундарына Президенттин Телерадиокомплексинин 30 жылдыгына арналган
«Хроникадан келечекке» аттуу кинолекторийдин алкагында дароо төрт документалдык
тасма тартууланды. Биринчи күнү көрүүчүлөр «Кулалы аралындагы адам» жана
«Апорт» тасмаларын көрүштү. Алгачкы тасма Каспий деңизиндеги аралдардын биринде
гидрометеорологиялык станцияны көп жылдар бою жетектеген казакстандык Петр Лупенко
тууралуу баяндайт. Тасмалардын көрсөтүлүшү көрүүчүлөрдүн чоң кызыгуусун
жаратты. Эске салсак, республикалык кинолекторий өлкөнүн 20 шаарында өтүүдө.
Долбоор бугу айында Астанада башталып, аяк оона айында Алматыда жыйынтыкталат.
Жанат Мухамеджанов,
Петропавловск шаарынын тургуну:
– Адамдын аралда 30 жыл
бою жалгыз жашаганы анын өз ишине жана кесибине берилгендигин айгинелейт. Петр
Лупенконун айтымында, азыр Каспий деңизиндеги аралдарда мурдагыдай кыш болбой
калган. Анын айтымында, буга чейин деңиз толугу менен тоңчу, азыр болсо мындай
көрүнүш дээрлик кездешпейт. Бул климаттын өзгөрүп жатканын көрсөткөн дагы бир
далил. Анын кесепеттери биздин аймакта да сезилүүдө.
Которгон: Назира
Бегалиева

