Иорданиянын Падышасы Абдалла II бен аль-Хусейн расмий сапар менен Астанага келди. Аэропорттон жогорку даражалуу мейманды Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев өзү тосуп алды.
Расмий тосуп алуу аземи Акордада өттү. Жогорку даражалуу коноктун урматына резиденциянын алдында Казакстандын жана Иорданиянын желектерин көтөргөн тик учактар тобу учуп өттү. Андан соң Касым-Жомарт Токаев менен Абдалла II делегация мүчөлөрүн бири-бирине тааныштырышты, ал эми Ардак кароол ротасынын командири саламдашуу рапортун берди.
Андан кийин Казакстандын Президенти менен Иорданиянын Падышасы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Лидерлер эки тараптуу мамилелердин негизги драйверлеринин бири болуп саналган экономикалык кызматташтыкты талкуулашты. Алсак, 8 айдын ичинде өз ара соода жүгүртүү 3,5 миллион долларга жетип, өткөн жылдагы жалпы көрсөткүчтөн ашты. Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты, анын ичинде академиялык жана илимий байланыштарды өнүктүрүү жана өз ара туристтик агымды көбөйтүү аркылуу кеңейтүү үчүн олуттуу дарамет бар. Касым-Жомарт Токаев Казакстан эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда жетишилген макулдашууларды практика жүзүндө ишке ашырууга чоң маани берерин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Иордания – биздин араб дүйнөсүндөгү убакыт сынагынан өткөн жана ишенимдүү өнөктөшүбүз. Акыркы жылдары биздин кызматташтыгыбыз жаңы дем алды. Биз ар кандай деңгээлде колдоого алынып келе жаткан бекем саясий диалогубузду жогору баалайбыз. Өткөн жыл эки тараптуу мамилелерде өзгөчө этап болуп калды, анткени жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлар ишке ашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган биргелешкен билдирүү, ошондой эле министрликтерибиз, мекемелерибиз жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү тарабынан кол коюлган көптөгөн документтер көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди чечүүдөгү мамилелеринин окшоштугуна өзүнчө токтолуп, Иордания Падышасынын эки мамлекеттин достук байланыштарын чыңдоого жана элдерин жакындатууга кошкон салымын жогору баалады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстан сиз он жылдан ашык убакыт мурун демилгелеген Акаба процессин жогору баалайт. Борбордук Азияда бул форматтагы биринчи жолугушууну биргелешип уюштуруу биз үчүн чоң сыймык. Сессиянын темасы – жасалма интеллект чөйрөсүндөгү коопсуздук – бүгүнкү күндө өтө актуалдуу. Саммит Борбордук Азия чөлкөмүнүн көз карашын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет жана тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча биргелешкен аракеттерибизге жаңы дем берет деп ишенем.
Падыша Абдалла II Казакстан менен Иорданияны көп жылдык мамилелер жана өз ара сый-урмат, тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоо ишине болгон жалпы умтулуу байланыштырып турарын баса белгиледи. Ал Акаба процессинин алкагында жолугушуулардын жаңы раундун биргелешип уюштургандыгы үчүн Касым-Жомарт Токаевге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, бул эки өлкөнүн аймактык жана глобалдык коопсуздук чакырыктарын чечүүгө болгон жалпы умтулуусунун далили болуп саналат.
Абдалла II бен аль-Хусейн, Иордания Падышасы:
– Сиз белгилегендей, өткөн жылы болгон өз ара сапарлар эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө маанилүү түрткү берди. Биз жетишилген макулдашууларды мындан ары да ишке ашырууга жана соода, инвестиция, туризм, технология жана коргонуу сыяктуу негизги багыттар боюнча кызматташтыкты кеңейтүүгө ниеттенип жатабыз.
Мамлекет башчысы Казакстан менен Иорданиянын ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого кошкон салымы үчүн Падыша Абдалла IIни «Аль-Фараби» ордени менен сыйлады. Монарх бул сыйлыктын биринчи ээси болду. Өз кезегинде Падыша Абдалла II Президент Касым-Жомарт Токаевге Иорданиянын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – al-Hussain ibn Ali орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

