«Байтерек» холдинги 26 жаңы инвестициялык долбоорду даярдоодо

«Байтерек» холдинги 26 жаңы инвестициялык долбоорду даярдоодо

Президент Касым-Жомарт Токаев «Байтерек» холдингинин башкармалыгынын төрагасы Рустам Карагойшинди кабыл алды. Мамлекет башчысына иштин жыйынтыгы жана аталган тапшырмаларды ишке ашыруу жөнүндө баяндама берилди. Холдингдин инвестициялык жана кредиттик портфели 14 триллион теңгеден ашты. Бул көрсөткүч 16,5 триллионго чейин өсөт деп болжолдонууда. Муну менен бирге жылдык таза пайда 400 млрд теңгеден ашат. «Байтеректин» колдоосу менен 2025-жылы 77 ири долбоор жана 27 миңден ашуун чакан жана орто бизнес демилгелери каржыланып, 130дан ашуун экспорттоочу жана 7 миң айыл чарба өндүрүүчүлөрү колдоого алынган. Президентке холдингди өнүктүрүүнүн жаңы узак мөөнөттүү стратегиясы жана импортту алмаштыруу, экспорт жана инфраструктура жаатында 26 инвестициялык долбоор даярдалганы тууралуу маалымат берилди. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Касым-Жомарт Токаев чакан жана орто бизнести колдоону күчөтүүнү, узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууну жана жарандарды турак жай менен камсыздоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну тапшырды.

Которгон: Назира Бегалиева