Дүйнөдө инвестиция үчүн атаандаштык күч алууда. Атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн тез чечим кабыл алып, тез аракеттенүү керек. Бул тууралуу мамлекет башчысы Казакстан элине кайрылуусунда билдирди. Касым-Жомарт Токаев экономиканын өнүгүшүнө жаңы дем берүү үчүн алдыңкы технологияга, керектүү серепчилик тажрыйбага жана дүйнөлүк рынокко чыгууга жөндөмдүү алдыңкы дүйнөлүк жана ата мекендик компанияларды тартуу керектигин айтты. Аларга тиешелүү конституциялык кепилдиктер жана эл аралык укуктук жөнгө салуу механизмдери берилген.
Нурдаулет Нариманов, Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун глобалдык экономика жана туруктуу өнүгүү бөлүмүнүн улук эксперти:
– Казакстан бул багытта бир топ ийгиликтерге жетишти. Анткени, бизде «Астана» эл аралык каржы борбору бар, ал англис укугунун негизинде иштейт. Бул Казакстандагы эл аралык стратегиялык долбоорлорго инвестиция салган ишкерлер үчүн маанилүү. Мындай долбоорлордун пландаштыруу горизонту 4-5 жыл менен чектелбестен, ондогон жылдарды камтыйт. Ошондуктан, инвесторлор үчүн өлкөдөгү укуктук туруктуулук жана калыптанган тартиптин мааниси чоң. Мамлекет башчысы да өз Кайрылуусунда бул тармак улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн негизги артыкчылыктарынын бири болуп кала берерин белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

