Казакстан фехтование боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Казакстан фехтование боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга чыкты

Президент Касым-Жомарт Токаев фехтование боюнча Казакстандын эркектер командасын Касабланкада өткөн дүйнөлүк чемпионаттагы тарыхый жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди. Финалга чейинки жолдо казакстандык спортчулар Түркия, Кытай, Египет, Франция жана Орусиянын командаларын жеңишти. Алтын медалдарды жеңип алуу менен команда биринчи жолу Эл аралык фехтование федерациясынын дүйнөлүк командалык рейтингинде алдыңкы орунга чыкты. Мамлекет башчысы жеңүүчүлөргө эң абройлуу мелдештерде Казакстандын туусу алдында жаңы ийгиликтерди каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков