Казакстан чет өлкөлүк бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө

Казакстан чет өлкөлүк бизнес үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө

Чет элдик инвесторлор Казакстандын кайра иштетүү өнөр жайына көбүрөөк кызыгышууда. 2025-жылы бул тармакка салынган инвестициялар акыркы жылдарда биринчи жолу тоо-кен казып алуу тармагындагы инвестициядан ашты. Ошол эле учурда мунай-газ секторунун үлүшү 2019-жылдагы 38%дан 2025-жылы 8%га чейин кыскарды. Мындай маалыматтар 109 ири компаниянын сурамжылоосуна негизделген «Казакстан: инвестициялык навигатор - 2026» изилдөөсүндө келтирилген. Башка тартымдуу багыттардын арасында транспорт, энергетика жана санариптик технологиялар бар. Казакстан ошондой эле чет элдик капиталды тартуу боюнча Борбордук Азияда лидерлигин сактап келет.

Рустам Журсунов, Казакстан инвесторлар ассоциациясынын башкарма  төрагасы:

– Албетте, азыркы учурда критикалык металлдарга болгон кызыгуу абдан чоң. Энергетика жана IT маселелери азыр ал тургай өз ара байланышта каралат деп айтаар элем. Эмне үчүн? Анткени булар генерациялоо жана маалыматтарды иштетүү борборлорун куруу маселелери. Азыр энергетика, тагыраак айтканда, «экинчи мунай» болуп калды деп көп айтышууда. Албетте, бул кайра иштетүү өнөр жайы. Мамлекет башчысы белгилегендей, бул тармакта дарамет абдан жогору. Буга айыл чарба, унаа жасоо жана тоо-кен жабдуулары да кирет.

Дагы бир келечектүү багыт чийки затты терең иштетүү. Казакстанда азыркы учурда аминокислоталар өндүрүлүүдө, ошондой эле пахтанын негизинде текстилдик кластер иштеп жатат. Жаңы долбоорлорду ишке ашырууда ар бир аймактын ресурстарын жана экономикалык дараметин эске алуу маанилүү. Бул жергиликтүү чийки заттын базасында өндүрүштү өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Александра Молчановская, DASCO Strategy мүдүрү:

– Бизде АЭКБ бар, атайын экономикалык зоналар бар. Жалпысынан алганда, инвесторлорду тартуу жана коштоо системасы түзүлгөн. Бул эң жогорку деңгээлдеги стратегиялык диалогдон баштап, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө чейинки багыттарды камтыйт. Бизде негизги капиталга салынган инвестициялар тездеп жатат. Өткөн жылы алардын көлөмү 23,5 триллион теңгеге жетип, жылдык эсептөөдө реалдуу өсүш дээрлик 17%ды түздү.

Инвесторлор үчүн региондордун ресурстары гана эмес, өнүккөн инфраструктура: жолдор, инженердик тармактар жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо да маанилүү. Ушуга байланыштуу Президент 2027-жылды «Элдик чоң курулуш жылы» деп жарыялады. Демилге инфраструктураны жаңылоого, жаңы өндүрүштөр үчүн шарттарды түзүүгө жана инвестиция тартууга багытталган. Мында иштин сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Жыйынтыктар салынган каражаттын көлөмү боюнча гана эмес, экономикага жана калкка алып келген реалдуу пайдасы боюнча да бааланат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков