Казакстан банктарынын активдери 75 триллион теңгеден ашты

Казакстан банктарынын активдери 75 триллион теңгеден ашты

Казакстанда банк секторунун жана капитал рыногунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү пландалууда. Касым-Жомарт Токаев элге жолдогон кайрылуусунда финансы чөйрөсүн өнүктүрүүнүн негизги багыттарын сунуштады. Мамлекет башчысы ата мекендик банктардын активдери 75 триллион теңгеден ашканын, ал эми депозиттердин көлөмү 52 триллионго жеткенин белгиледи. Ошентип, өлкөнүн каржылык системасы туруктуулукту көрсөтүүдө. Эми негизги милдеттердин бири - топтолгон ресурстарды экономиканын реалдуу секторуна багыттоо. Бул үчүн Президент банктардын, өнүктүрүү институттарынын, эл аралык каржы уюмдарынын жана Бирдиктүү топтоочу пенсиялык фонддун ресурстарын бириктирип, негизги тармактарды узак мөөнөттүү насыялоонун жаңы механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды. Мындан тышкары, жеке компанияларды биржалык куралдарды жигердүү колдонууга шыктандыруу зарыл. Белгиленген артыкчылыктарга чет элдик серепчилер да баа беришти.

Гленн Агунг Холе, Түштүк-Чыгыш Норвегия университетинин профессору:

– Каржы институттарынын ортосундагы тыгыз кызматташтык системанын ичинде жоопкерчиликти так бөлүштүрүү менен каржылоого жеткиликтүүлүктү жакшыртышы керек. Өнүгүү институттары улуттук артыкчылыктарды колдой алышат, бирок алардын милдеттери жана тобокелчиликтери ачык-айкын болушу шарт. Казакстандын мүмкүнчүлүгү - каражаттарды кайда багыттоо керектиги жөнүндө оор чечимдерди кабыл алууга жөндөмдүү каржы системасын түзүү. Ал келечектүү инвестициялык долбоорлорду колдоого жана дарамети төмөн долбоорлорду каржылоодон баш тартууга жөндөмдүү болушу керек. Мына ушундай тартип бар болгон капиталды узак мөөнөттүү экономикалык наркка айлантууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков