Президент Касым-Жомарт Токаевдын «Адилеттүү коомго – акыйкат
сөз» аттуу тандалма сөздөрү жана ой-пикирлеринин жыйнагы интелегенция
өкүлдөрүнүн оң баасын алууда. Мамлекет жана коом ишмери Нурлан Оразалин 21
тематикалык бөлүмдөн турган жыйнакта адилеттүү мамлекет куруу жана жаңы улуттук
сапатты калыптандыруу, мамлекеттик башкаруу жана мыйзамдын үстөмдүгү, Абайдын
«Толук адам» илимине таянып коомдук жоопкерчилик принцибин аныктоо маселелери
камтылганын айтты. Жыйнак 5 миң нускада чыгып, мамлекет башчысынын 1994-жылдан
берки тандалма сөздөрү, баяндамалары, эл аралык трибуналардагы кайрылуулары
жана архивдик материалдары топтолгон.
Нұрлан Оразалин, мамлекет жана коомдук ишмер, Казакстандын
эмгек сиңирген ишмери:
– Замандын
талабына ылайык, бүгүнкү болуп жаткан өзгөрүүлөрдү толук ишке ашыруу керек, -
деген созду ошол алгачкы кезде айткан. Ошол
айткан сөздүн негизинде карап отурсаныз,
азыр Борбор Азияда жасалма интеллектке байланыштуу эң алдынкы борбор ачылды,
Алатау деген. Жасалма интеллекттин чон окуу жайын ачып жатышат. Урпакты
тарбиялоо деген сөз. Анын баары ушул китептин ичинде так, системалуу түрдө, 21 бөлүккө
бөлүнүп жасалган экен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

