К. Токаевдин тандалган сөздөрүнүн жыйнагы жарык көрдү

К. Токаевдин тандалган сөздөрүнүн жыйнагы жарык көрдү

Астанада Касым-Жомарт Токаевдин «Адилеттүү коомго – чынчыл сөз» аттуу тандалган ой-пикирлери жана сөздөрүн камтыган китеби жарык көрдү. Жыйнак отуз жылдан ашык мезгилди камтыйт. Казакстандын Президентинин мамлекетти жана коомду өнүктүрүү боюнча көз караштарын чагылдырат. Серепчилер белгилешкендей, мамлекет башчысы тарабынан ар жылдары айтылган көптөгөн идеялар бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарында – мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнөн жана мамлекеттик башкарууну модернизациялоодон баштап, санариптештирүү, билим берүү жана улуттук баалуулуктарга чейин чагылдырылууда. Талдоочу Исатай Минуаровдун пикири боюнча, китеп азыркы мамлекеттик саясатты жана өлкөнүн өнүгүү багыттарын аныктаган негизги идеяларды жана принциптерди байкоого мүмкүндүк берет. Китептин тиражы – 5 миң нуска.


Исатай Минуаров, Казакстандын ички жана тышкы саясаты боюнча серепчиси:


– Мен ойлойм, анын бардык идеялары биргелешип жаңы коомдук келишимге өтүүнү билдирет. Мамлекет жарандарды көбүрөөк жоопкерчиликке чакырып, ошол эле учурда өз кезегинде адилеттүүлүктү, тартипти жана жоопкерчиликти камсыз кыла. Жаңы коомдук келишим түзүлөт. Буга чейин мындай болгон эмес. Коом өзгөрүүдө. Биз жаңы саясий, социалдык жана экономикалык чындыкта жашап жатабыз. Бул абдан маанилүү. Президенттин идеялары бул өзгөрүүлөргө жана жаңы чындыктарга шайкеш келет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков