Казакстан менен Камбоджа кызматташтык боюнча алты документке кол коюшту

Казакстан менен Камбоджа кызматташтык боюнча алты документке кол коюшту

Акордада өткөн дем алыш күндөрү Камбоджанын Премьер-министрин салтанаттуу тосуп алышты. Хун Манет Казакстанга биринчи расмий сапары менен келген. Жогорку конокту тосуп жатып, Казакстандын президенти бул эки тараптуу мамилелерге кошумча түрткү берип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Сүйлөшүүлөр тар жана кеңири курамда өттү. Касым-Жомарт Токаев быйыл өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнө 32 жыл болгондугун баса белгилеп, Казакстан Королдукту Түштүк-Чыгыш Азияда ишенимдүү өнөктөш жана ASEAN өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүдө маанилүү звено катары карай турганын айтты. Тараптар эл аралык аренада, анын ичинде БУУнун жанындагы мамлекеттердин туруктуу өкүлчүлүктөрүнүн ишинин алкагында жигердүү кызматташып жатышат. Азыр соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүнү көздөшүүдө жана жогорку технологиялар тармагында да чоң дараметти көрүшөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Сиз жана сиздин делегацияңыздын мүчөлөрү жасап жаткан жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча биздин өлкөнүн чараларына чоң кызыгуу көрсөтүп жатканыңыздарды билем. Сиз Alem.ai эл аралык борборуна барасыз, ал жерде биздин адистер сизге бул тармакта жетишилген жыйынтыктар жана негизги жетишкендиктер менен тааныштырат.

Камбоджа электрондук өкмөт жана жасалма интеллектти киргизүү чөйрөсүндөгү Казакстандын тажрыйбасы жана алдыңкы жетишкендиктерине кызыкдар. Ошондой эле, Премьер-министр Хун Манет энергетика, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы тармактарында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү мүмкүнчүлүгүн баса белгиледи. Жогорку конок эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштардын өзгөчөлүгүн да белгиледи.

Хун Манет, Камбоджа Премьер-Министри;

–  Казакстанда 120дан ашык камбоджалык студент билим алышкан. Алардын көбү бүгүнкү күндө мамлекеттик органдарда жооптуу кызматтарды аркалап, анын ичинде бир катар провинциялардын губернаторлору, мамлекеттик катчылар жана ар кандай министрликтердин кызматкерлери болуп иштешет. Ошентип, биздин өлкөлөрдү жалпы тарых жана бекем адамдык байланыштар бириктирет.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев менен Хун Манет Биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Ал эми Казакстандын Президентинин жана Камбоджанын Премьер-министринин катышуусунда алты өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документтерге кол коюу аземи болуп өттү. GovTech тармагындагы кызматташтыктан тышкары, өлкөлөр сооданы өнүктүрүүгө жана туристтерди тартууга макулдашышты. Мындан тышкары, Астана жана Камбоджанын борбору Пномпень боордош шаарларга айланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков