Казакстандын Президенти эки аймактын акимдерине тапшырмаларды берди

Казакстандын Президенти эки аймактын акимдерине тапшырмаларды берди

Казакстандын Президенти бүгүн Атырау облусунун акими Болат Акчулаковду кабыл алды. Касым-Жомарт Токаевге аймактагы социалдык-экономикалык кырдаал тууралуу маалымат берилди. Анын ичинде ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, мунай-газ-химия тармагын өнүктүрүү, социалдык жана инженердик инфраструктура объекттеринин курулушу тууралуу айтылды. Экономиканы диверсификациялоо жана экологиялык кырдаалды жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле бүгүн Касым-Жомарт Токаев Улытау облусунун акимин кабыл алды. Есет Байкен Мамлекет башчысына аймактын өнөр жай потенциалын чыңдоо, инвестиция тартуу жана инженердик тармактарды модернизациялоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары аларга артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сунуштар берилди. Касым-Жомарт Токаев Улытау облусунун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган бир катар тапшырмаларды тапшырды.

Которгон: Назира Бегалиева