К. Токаев World Aquatics уюмунун президентин кабыл алды

К. Токаев World Aquatics уюмунун президентин кабыл алды

Казакстан жана World Aquatics сууда сүзүү спорту боюнча кызматташтыгын бекемдөөдө. Өнөктөштүктүн келечеги Президент Касым-Жомарт Токаев Акордада өткөн жолугушууда эл аралык федерациясынын башчысы Хусейн Аль-Мусаллам менен талкуулады. Мамлекет башчысы сууда сүзүү дисциплиналары казакстандыктар арасында барган сайын кеңири жайылып жатканын белгиледи. Ошондой эле, федерацияга ата мекендик сууда сүзүү спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Президент казакстандык спортчулар дүйнөлүк аренада өлкөнү татыктуу көрсөтүп жатканын кошумчалап өттү. Маанилүү жетишкендиктердин катарында Рио-де-Жанейро Олимпиадасында сууда сүзүүчү Дмитрий Баландиндин алтын медалы жана 2022-жылдагы Азия оюндарына Адилбек Мусиндин коло медалы бар. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Казакстан спорт инфраструктурасын өнүктүрүп, массалык жана кесипкөй спорт үчүн шарттарды түзүп жатканын билдирди. Бул жаңы муундагы чемпиондорду тарбиялоого жана эл аралык турнирлерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Хусейн Аль-Мусаллам өз кезегинде Казакстандын сууда сүзүү дисциплиналарын өнүктүрүүдөгү дараметин жогору баалады. Бул тармакка кошкон салымы үчүн Мамлекет башчысы аны II даражадагы «Достук» ордени менен сыйлады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков