Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүнө саясий реформалардын тийгизген таасири тууралуу Астанадагы Президенттик борборунда өткөн тегерек үстөлдө Курултайдын депутаттары, саясат таануучулар жана талдоочулар Улуттук майрам – Республика күнүнүн алдында талкуулашты. Серепчилер белгилешкендей, эгемендүүлүк жылдарында өлкө чоң жолду басып өттү. Бирок республика жетишкен ийгиликтер менен токтолбостон, алдыга умтулууда. Реформалардын аркасында бүгүнкү күндө адам капиталы башкы артыкчылыктардын бири болуп калды. Бул жаңы Конституцияда да чагылдырылып, адамга, анын билимине жана интеллектуалдык дараметине өзгөчө көңүл бурулган. Жолугушуунун жүрүшүндө 1990-жылы кабыл алынган Мамлекеттик эгемендүүлүк жөнүндөгү Декларациянын тарыхый мааниси да талкууланды. Катышуучулар басып өткөн жолду түшүнүү келечекке болгон максаттарды так аныктоого жардам берерин белгилешти.
Екатерина Смолякова, курултай депутаты:
– Тогуздун айынын 25 - Республика күнү - Казакстандын негизги майрамдарынын бири. 1990-жылы ушул күнү мамлекеттик суверенитет жөнүндө декларация кабыл алынган. Ал эми 1991-жылдын бештин айынын 16да өлкө көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул күндөр биздин мамлекетибиздин тарыхында бурулуш учурлар болуп калды. Өткөн окуяларды эстеп, келечек жөнүндө ойлонуу да маанилүү. Мурунку муун көз карандысыздыкка жетишип, андан кийин ондогон жылдар бою мамлекеттик институттарды түзүп, экономиканы өнүктүрүп, аны бекемдеген. Эми биздин алдыбызда суверенитеттин сапатын жогорулатуу жана өлкөнү кийинки муундарга дагы күчтүү кылып өткөрүп берүү милдети турат. Бул максаттар 2026-жылы кабыл алынган жаңы Конституцияда чагылдырылган. Анда Казакстандын мындан аркы өнүгүүсүнүн негизги артыкчылыктары, стратегиялык багыттары бекитилген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

