К. Токаев ШКУ плюс саммитине катышты

К. Токаев ШКУ плюс саммитине катышты

Бишкекте «ШКУ плюс» форматындагы жыйын болуп өттү. Ага уюмга туруктуу мүчө болгон 10 мамлекеттер гана эмес, байкоочу мамлекеттер, диалог боюнча өнөктөштөр, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да чогулду. Казакстандын президенти өз сөзүндө Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун жогорку натыйжалуулугун баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев күч колдонуу жана тирешүү өз ара жоопкерчиликке, биргелешкен өнүгүүгө жана узак мөөнөттүү кызматташууга жол берген дүйнөлүк тартипти түзүүнүн жалпы стратегиялык максатын өзүнчө белгилеп өттү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  ШКУнун көп жылдык тажрыйбасы «Шанхай духу» эл аралык аренада мындай өз ара аракеттенүүнүн үлгүлүү мүнөзү экенин ишенимдүү түрдө тастыктайт. Биздин Уюмдун ишмердүүлүгүндөгү теңчилик жана консенсус принциптери көп тараптуу кызматташтыкты жана чыныгы көп тараптуулукту ийгиликтүү өнүктүрүүнүн «алтын стандартына» айланды. Ошондуктан, мен ШКУнун негизги принциптерин БУУнун Башкы Ассамблеясынын Эл аралык көп тараптуулук жана тынчтык үчүн дипломатия күнүнө карата атайын резолюциясында бекитүүнү сунуштайм.

Казакстан туруктуу түрдө тең салмактуу, конструктивдүү жана тынчтыкты сүйүүчү тышкы саясатты карманаарын Касым-Жомарт Токаев тастыктады. Президент БУУнун ишин мындан ары өркүндөтүү боюнча өз көз карашын билдирип, ага альтернатива жок экенин айтты.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Биздин жалпы максатыбыз - анын натыйжалуулугун чыңдоо жана жогорулатуу. Бул максатка БУУ менен аймактык форматтардын, анын ичинде, албетте, ШКУнун ортосундагы тыгыз кызматташуу кызмат кылат. Казакстан Бириккен Улуттар Уюму эл аралык системанын өзөгү, ал эми анын Уставы эл аралык укуктун универсалдуу негизи бойдон калышы керек деп эсептейт.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тарабынан демилгеленген реформа Уюмдун универсалдуу мүнөзүн сактап калуу менен анын натыйжалуулугун жогорулатышы керек. Бирок, бул өзгөрүүлөрдүн ийгилиги БУУга мүчө мамлекеттердин саясий эрки жана жоопкерчилигинен көз каранды. Президент ошондой эле орто державалардын өсүп жаткан ролун баса белгиледи. Алардын милдети - ар кандай борборлордун ортосундагы диалогду жеңилдетүү. Алардын демилгелери өз кезегинде глобалдык башкаруу механизмдеринде эске алынышы керек. Казакстан бул процесске активдүү салым кошууга даяр.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– БУУнун институционалдык жаңыртуусу алдын алуучу дипломатияны күчөтпөстөн мүмкүн эмес. Чыр-чатактардын алдын алуу жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү маданиятын өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттер зарыл. Ушул багытты карманып, ушул жылдын теке айында Казакстан Эл аралык ортомчулук уюмун түзүү конвенциясына мүчө болуу менен Кытай Эл Республикасынын демилгесин колдоду.

Бүгүнкү күндө глобалдык туруктуулук жасалма интеллекттин жоопкерчиликтүү өнүгүшүнө барган сайын көз каранды болуп баратат, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Бул аны колдонуунун универсалдуу эрежелери керек дегенди билдирет. Мисалы, Алматыда БУУнун ЭСКАТО Азия-Тынч океан санариптик чечимдер борбору түзүлөт. Суу коопсуздугу дагы бир глобалдык артыкчылык болуп саналат. Ошондуктан, Казакстан БУУнун колдоосу астында Эл аралык суу уюмун түзүүнү сунуштады. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, ШКУнун сууну талдоо борбору бул уюмга аймактык кошумча боло алат. Жыйынтыктап айтканда, мамлекет башчысы Шанхай кызматташтык уюму коопсуз жана туруктуу дүйнөлүк тартипти түзүүгө салым кошоорун жана Казакстан бул багытта бардык өнөктөштөр менен иштешерин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков