Германиянын алдыңкы бизнес-ассоциацияларынын жана каржы институттарынын жетекчилери менен жолугушууда Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан-Германия инвестициялык-финансылык платформасын түзүүнү сунуштады. Бул мамлекет башчысынын расмий сапарынын программасын ачты. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, платформа тараптардын капиталдарын кепилдиктер жана тобокелдиктерди бөлүштүрүү механизмдери менен бириктирүүгө мүмкүндүк берет, ал эми «Байтерек» холдинги долбоорлорду ишке ашырууну камсыз кылат. Президент ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн – артыкчылыктуу багыттары катары маанилүү материалдар, финтех, санариптик технологиялар, энергетиканы атады. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, өлкөлөрдүн ортосунда саясий диалог түзүлүп, кызматташтыкты кеңейтүү үчүн бекем пайдубал түптөлгөн. Эми башкы максат – жөн гана капиталдын агымын көбөйтүү эмес, биргелешип жаңы тармактарды түзүү. Бул үчүн Казакстан инвесторлор үчүн алдын ала шарттарды камсыз кылып, укуктарын коргоп, долбоорлорду колдоп турарын мамлекет башчысы ишендирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

