Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен кытайлык CNMC компаниясынын мүдүрлөр кеңешинин төрагасы Вэнь Ган Актогай кенинин аймагында жез эритүүчү завод куруу маселесин талкуулашты. Мамлекет башчысы компаниянын Казакстандын тоо-кен жана металлургия тармактарын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Анын айтымында, жаңы завод Абай облусунун экономикасына жана ата мекендик кайра иштетүү өнөр жайына кошумча түрткү берет. Вэнь Ган президентке курулуш белгиленген мөөнөттө заманбап технологияларды колдонуу менен аяктаарына ишендирди. Өнөр жай жана экологиялык коопсуздук талаптарын так сактоого өзгөчө көңүл бурулат. Жолугушуунун жыйынтыгында долбоор Казакстан менен Кытайдын өнөр жай кызматташтыгынын дагы бир ийгиликтүү үлгүсү болору жана металлургия менен терең иштетүү тармактарында мындан ары биргелешип иштөөгө жол ачары белгиленди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

