2025-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн жалпы ИДӨ 550 миллиард доллар белгисине жакындады, ал эми өсүү темпи 6%дан ашты – бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе жогору. Экономикалык өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр жөнүндө Президент Касым-Жомарт Токаев Сеулда өткөн «Борбор Азия – Корея Республикасы» бизнес-саммитинде айтып берди. Мамлекет башчысынын айтымында, аймактын инвестициялык жагымдуулугу тыгыз соода байланыштарына жана транспорттук дараметке негизделген. Бул артыкчылыктарды Кореянын технологиялык жана каржылык мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштыруу өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн чоң келечектерди ачат. Ал эми Казакстан бул багытта биргелешип иштөөгө даяр. Бүгүнкү күндө өлкөнүн үлүшүнө аймакка келген түз чет элдик инвестициялардын дээрлик 70%ы туура келет.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Казакстандын өкмөтү биргелешкен долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу үчүн корей бизнесине да ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Бул максатта Казакстан менен Кореянын 2027-2030-жылдарга соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын комплекстүү программасы иштелип чыгат. Инвестициялык климатты ырааттуу өркүндөтүп, чет элдик инвесторлор үчүн мүмкүн болушунча жагымдуу шарттарды түзүп жатканыбызды өзүнчө белгилегим келет. Маанилүү кадамдардын бири «Алтын виза» программасынын ишке киргизилиши болду.
Касым-Жомарт Токаев маанилүү материалдар жаатында өнөктөштүктү күчөтүүнү жана минералдарды, сейрек кездешүүчү металлдарды геологиялык чалгындоо, казып алуу, терең иштетүү боюнча толук циклдеги инвестициялык долбоорлордун пулун түзүүнү сунуштады. Корей бизнесине сунушталуучу долбоорлордун катарына транспорт жана логистика тармагындагы демилгелер да кирет. Казакстандын президенти жасалма интеллект жана санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү кызматташтыкты чыңдоо менен байланышкан чоң мүмкүнчүлүктөргө токтолду.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз бир гигаватт кубаттуулуктагы «Маалыматтарды иштетүү борборлорунун өрөөнүн» курууну камтыган бир катар флагмандык демилгелерди ишке ашырып жатабыз. Кадрдык жана илимий дарамет бекемделип жатат. Өлкөдөгү биринчи атайын университет – Qazaq AI Research University ишин баштады. Технологиялык өнөктөштүгүбүздү сапаттуу жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн, эгер башка пикирлер болбосо, балким Alem.ai базасында «Борбордук Азия – Корея» алдыңкы технологиялар борборун түзүү сунушталат.
Мамлекет башчысы билдиргендей, өткөн жылдын жыйынтыгы менен Казакстан 27 миллион тоннага жакын рекорддук дан эгиндерин жыйнаган. Бүгүнкү күндө өлкө 70тен ашуун өлкөгө 7 миллиард долларга агроөнөр жай өнүмдөрүн экспорттоп жатат. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын кеңири жер ресурстарын жана Кореянын технологияларын айкалыштырып, чет өлкөлүк рыноктарга чыгуучу биргелешкен тамак-аш өнөр жай кластерин түзүүнү сунуштады. Бул кореялык бизнестин пайдасына гана эмес, Борбор Азиянын жалпы өнүгүшүнө да реалдуу мультипликативдик эффект алып келет. Казакстандын президенти аймактын экономикалык ийгилиги беш өлкөнүн ар биринин туруктуу өнүгүүсүнөн ажырагыс экендигин дагы бир жолу баса белгиледи. Ал эми дүйнөлүк технологиялык жана экономикалык лидерлердин бири болгон Корея менен кызматташтыкты тереңдетүү Борбор Азиянын дараметин ачууга гана өбөлгө түзөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

