Казакстан менен Азербайжан Транскаспий була-оптикалык байланыш желесин ишке киргизди. Салтанаттуу аземге эки өлкөнүн башчылары Касым-Жомарт Токаев жана Ильхам Алиев катышты. Каспий деңизинин түбү аркылуу узундугу 380 чакырым куур төшөлдү. Ал Борбор Азия, Кытай жана Европа ортосунда жаңы санариптик каттамды камсыз кылат. Мындан тышкары, линия Жер Ортолук жана Кара деңиздердеги деңиз системаларына туташтырылышы мүмкүн. Долбоорду «Казактелеком» жана AzerTelecom ишке ашырды. Магистраль эл аралык маалымат алмашуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, булуттук кызматтарды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Касым-Жомарт Токаев бул долбоорду Ортоңку коридордун санариптик ишке ашырылышы деп атап, эки мамлекеттин кызматташтыгын бекемдей турганын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Абдан маанилүү долбоор, ал эл аралык деңгээлде резонанс жаратат. Эң башкысы – бул жаңы типтеги коридор. Бул транспорттук коридор эмес, санариптештирүү дооруна, азыркы заманга туура келген жаңы нерсе. Бул кызматташтыктын принциптүү жаңы форматы.
Өз кезегинде, Президент Ильхам Алиев жаңы магистраль Борбордук Азия менен Түштүк Кавказдын ортосундагы байланыштарды бекемдей турганын баса белгиледи. Ага региондун башка өлкөлөрү да кошула алышат.
Ильхам Алиев, Азербайжан Республикасынын Президенти:
– Өткөн жылы жетинин айында Азербайжан Борбор Азиянын мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларына толук мүчө болуп кабыл алынган, быйыл мен бул уюмдун толук мүчөсү катары катыштым. Бул долбоор кызматташтыкты тереңдетүүгө кошкон дагы бир салымы болуп калды, анткени була-оптикалык байланыш желесин Борбор Азия ошондой эле Түштүк Кавказ өлкөлөрү жана кеңири географиялык чөйрө колдонот. Биз бүгүн глобалдык долбоорго старт бердик.
Казакстан менен Азербайжан дагы Азия менен Европанын ортосундагы негизги каттамдардын бири болгон Транскаспий транспорттук же ортоңку коридорду бирге өнүктүрүүгө макулдашты. Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиевдин катышуусунда тараптар кол коюлган макулдашуу менен алмашышты. Ал багыттагы темир жол, автоунаа жана порттук инфраструктураны кеңейтүүнү ошондой эле өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камтыйт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

