Эксперт: Курултайга шайлоо эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда

Эксперт: Курултайга шайлоо эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда

Эл аралык коомчулук алдыда боло турган Курултайга шайлоону Казакстандын саясий трансформациясынын маанилүү этабы жана өлкөнүн жаңы конституциялык системасынын биринчи практикалык сыноосу катары кабыл алууда. Ички жана тышкы саясат боюнча казакстандык серепчи Исатай Минуаровдун пикири боюнча, чет элдик өнөктөштөрдүн бул саясий окуяга болгон кызыгуусу ар кандай. Эл аралык уюмдар шайлоо процессин, тактап айтканда, үгүт иштерин жүргүзүүнү, добуш берүүнү уюштурууну жана добуштарды эсептөөнү түздөн-түз байкап турушат. Бир палаталуу Парламенттин натыйжалуу жана өкүлчүлүктүү ишин жаңы система канчалык деңгээлде камсыз кыла алары да алар үчүн маанилүү көрсөткүч болот. Казакстандын өнөктөш мамлекеттери үчүн биринчи кезекте туруктуулук, ырааттуулук жана жаңы институттардын мындан аркы иши маанилүү. Ал эми бул жерде, айрыкча, бизнес жана чет элдик инвесторлор үчүн жаңы ченемдерди ырааттуу колдонуу негизги фактор болуп калат.

Исатай Минуаров, Ички жана тышкы саясат боюнча серепчи,  социолог:

- Казакстан энергетика, пайдалуу кендерди казуу, транспорт жана дипломатия жаатындагы маанилүү өнөктөш болгондуктан, чет элдик өнөктөштөр үчүн туруктуу жана болжолдуу саясий система узак мөөнөттүү кызматташтыкта эң маанилүү. Бул Курултайга жаңы парламентке мамлекеттин мындан аркы иштешинде жана саясий өткөөлдү камсыз кылууда маанилүү ролду берет. Казакстандын сыртында бул шайлоо өлкөнүн саясий институттарын жаңылоону, ошол эле учурда ички туруктуулукту сактоону жана көп векторлуу тышкы саясатты жүргүзүүнү каалаарын көрсөтөт.

Которгон: Назира Бегалиева