Эл аралык эксперттер Курултайга шайлоолор тууралуу

Эл аралык эксперттер Курултайга шайлоолор тууралуу

Казакстанда бүгүн өтүп жаткан Курултайга алгачкы шайлоо масштабдуу реформалардын жолундагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат. Вашингтондук эксперттердин пикири боюнча, эл аралык коомчулукту эки палаталуу системадан бир палаталуу системага өтүү өзгөчө кызыктырат. Атлантикалык кеңештин Евразия борборунун мүдүрүнүн орун басары Эндрю Д'Аньери белгилегендей, мыйзам чыгаруу бийлигинин жаңы модели республикада чечим кабыл алуу процессин ыкчам жана ырааттуу кылат, ошондой эле жарандардын кызыкчылыктарын коргоону күчөтөт жана жалпысынан жаңы парламенттин ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатат.

Эндрю Д’Аньери, Атлантикалык кеңештин Евразия борборунун мүдүрүнүн орун басары:

– Мен эки палаталуу парламенттен бир палаталуу парламентке өтүү Казакстандын мамлекеттик органдарынын ишин натыйжалуураак кылууга жардам берет деп үмүттөнөм. Менимче, эл аралык байкоочулар да жаңы конституциялык өзгөртүүлөрдүн алкагында каралган вице-президенттик кызматка чоң кызыгуу көрсөтүшүүдө. Эки палаталуу системадан бир палаталуу системага өтүүдөгү эң маанилүү нерсе - бул өзгөрүүлөр жана реформалар Казакстандын жарандарынын кызыкчылыктарын жакшыраак эске алган жана аларды толук чагылдырган мамлекеттик системаны жана мыйзам чыгаруу органын түзүүгө шарт түзүшү керек.

Которгон: Назира Бегалиева