БШК 86 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

БШК 86 эл аралык байкоочуну аккредитациялады

Казакстанда Курултай депутаттарын шайлоого даярдык уланууда. Теке айынын 1де байкоочу институту ачылгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясы эл аралык байкоочуларды аккредитациялай баштады. Комиссиянын маалыматына ылайык, Индия, Малайзия жана Өзбекстандан келген өкүлдөрдүн кезектеги тобунун документтери кабыл алынды. Аккредитация башталгандан бери расмий макамды жалпысынан 86 чет өлкөлүк байкоочу алды. Алар сегиз мамлекеттин жана беш эл аралык уюмдун өкүлдөрү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков