Буюмдардын катаал геометриясынан эмоционалдык жана социалдык багыттагы чечимдерге чейин. 30 жыл ичинде италиялык дизайн жана анын коомго тийгизген таасири ушундайча өзгөргөн. Эволюциянын кандай өткөндүгүн Астанада ачылган «Дизайндагы убакыт тилдери» эл аралык көргөзмөсүнөн көрүүгө болот. Экспозиция 1995-2026-жылдарды камтыйт жана сегиз тематикалык циклге бөлүнөт. Ар бири өз доорунун мүнөзүн чагылдырат. Сунушталган эмгектерде эстетика, технология жана күнүмдүк жашоо айкалышкан. Долбоордун автору жана куратору, италиялык архитектор жана дизайнер Марко Полеттинин айтымында, Казакстандын борборундагы көргөзмө Борбордук Азияда заманбап италиялык маданиятын жайылтуунун жаңы этабы болуп калды. Ал мындай долбоорлор маданий диалогду бекемдөөгө жана аймактардын ортосунда жаңы байланыштарды түзүүгө жардам берерин белгиледи. Буга чейин көргөзмө Алматыда жана Бишкекте көрсөтүлгөнүн белгилей кетүү керек.
Марко Полетти, архитектор, дизайнер, көргөзмөнүн куратору:
– Бул көргөзмө италиялык дизайн тренддерди гана ээрчибестен, көбүнчө алардан алда канча алдыда баратканын жана жаңы багыттарды аныктап жатканын көрсөтөт. Мындан тышкары, экспозиция эки маданияттын – италиялык жана казактын – жолугушуу аянты болуп калды. Италиялык салт буюмдарды жана объекттерди долбоорлоого көбүрөөк байланыштуу, ал эми казак салты интерьерди жасалгалоого жана гармониялуу мейкиндикти түзүүгө байланыштуу. Бул жерде бул ыкмалар кесилишет, бири-бирин толуктап, жаңы өз ара аракеттенүү үчүн мейкиндикти түзөт. Бул эки маданияттын диалогу үчүн сонун мүмкүнчүлүк.
Антонелло Де Риу, Италиянын Казакстан республикасындагы элчиси:
– Көргөзмөнүн негизги максаты - казакстандык көрүүчүлөрдү италиялык дизайн менен тааныштыруу жана ошол эле учурда академиялык байланыштарды чыңдоо. Ошондуктан биз аны өткөрүү үчүн Искусство университетин тандап алдык. Бул жерде биз билимибиз жана тажрыйбабыз менен жаш муундарга бөлүшө алабыз. Бул жааттагы биргелешкен өнүгүү өлкөлөрүбүздүн ортосундагы мамилелерди чыңдоого жардам берет деп ишенем, алар учурда абдан жогорку деңгээлде.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

