Касым-Жомарт Токаевга Республика күнү менен дүйнөлүк лидерлерден куттуктоо телеграммалары келип түшүүдө. АКШнын президенти да куттуктоосун жөнөттү. Дональд Трамп өткөн жылы өнөктөштүктүн бекемделишине, эл аралык тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыктан баштап, маанилүү жана өз ара пайдалуу соода-алакалык келишимдерге жетишилгенине сыймыктанарын баса белгиледи. Ак үй башчысы ошондой эле 1991-жылы Кошмо Штаттар биринчилерден болуп Казакстанды эл аралык аренада эгемендүү мамлекет катары тааныганын белгиледи. Ал эми АКШнын өлкөнүн көз карандысыздыгына, эгемендүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө берилгендиги бекем бойдон калууда. Соңунда Дональд Трамп бештин айында G20 саммитинде Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

