Астанада Борбор Азиядагы жаңы деңгээлдеги алгачкы дата-борбор курулуп жатат

Астанада Борбор Азиядагы жаңы деңгээлдеги алгачкы дата-борбор курулуп жатат

Борбор Азияда эң жогорку ишенимдүүлүк деңгээлине ээ болгон биринчи маалымат борбору Астанада курулуп жатат. Азыркы учурда дүйнөдө мындай 70 объекти бар. Долбоорго болжол менен 354 миллион доллар инвестиция тартылган. Курулуш аяктагандан кийин комплекстин кубаттуулугу 100 мегаваттка жетет. Ал төрт көз карандысыз модулду бириктирип, 11 гектардан ашык аянтты ээлейт. Бул жерде казакстандык жана эл аралык компаниялардын, банктардын, булут провайдерлеринин жана телеком операторлорунун чоң көлөмдөгү маалыматтары сакталат, иштетилет жана берилет. Аянтча ошондой эле жасалма интеллект чөйрөсүндө чечимдерди иштеп чыгуучулар үчүн да каралган. Объекттин үзгүлтүксүз иштеши үчүн өзүнүн энергетикалык жана телекоммуникациялык инфраструктурасы түзүлүүдө. Биринчи этапты ишке киргизүү келерки жылдын экинчи кварталына пландаштырылган. Азыртан эле 12 өлкөнүн 40тан ашык компаниясы келечектеги кубаттуулуктарга кызыгуусун билдирди. Жаңы маалымат борбору Казакстандын Борбор Азиянын санариптик хабы катары позициясын бекемдөөгө багытталган.


Ерасыл Аюбеков, Akashi Data Center коммерциялык мүдүрү:


–   Бул Борбор Азиядагы биринчи Tier-4 маалыматтарды иштетүү борбору. Tier-4 маалыматтарды иштетүү борбору - бул, биринчи кезекте, толук иштөөгө туруктуулук. Эгерде бир система иштебей калса, же эки система, же үч система иштебей калса, анда кардарлардын маалыматтары жабыркабайт жана алар иштөө абалында болот. Бул, биринчи кезекте, булут провайдерлери, экинчи кезекте чоң киберскеллерлер кирет дегендик. Бул Google Cloud, Amazon, андан кийин ушул маалыматтарды так иштете турган жасалма интеллект компаниялары. Бул, өз кезегинде, өлкөбүзгө кошумча каражат алып келет.


Ян Пряничников, курулуш боюнча мудүрдүн орун басары:


–    Өзгөчөлүгү - маалымат борборун электр менен камсыздоо үчүн ашыкча өтө жогорку деңгээл камтылган. Көмөкчордондун бир компоненти иштебей калса, IT-жабдууларды толук үзгүлтүксүз кубаттандыруу үчүн ар дайым резерв болот. Бул долбоордо коопсуздукту камсыз кылуу үчүн шаардын борборлоштурулган электр чыңалуусун төмөндөтүүчү станциясынан да, Акашинын өздүк көмөкчордонунан да электр чынжырында каскаддык бузулууларды болтурбоо үчүн релелик-коргоо тармагы иштелип чыккан.


Которгон: Илгиз Жамалбеков