Казакстандагы Каспий каргашалуу окуясына байланыштуу эл аралык коомчулук колдоосун билдирүүдө. Чет мамлекеттердин башчыларынан жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринен Президент Касым-Жомарт Токаевдин дарегине телеграммалар келип түшүүдө. Орусиянын президенти Владимир Путин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак аскерлеринин машыгуу учурунда каза болгондугуна байланыштуу маркумдардын туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Казакстан элине көңүл айтышты. Мамлекет башчысы чет элдик кесиптештерине колдоо жана тилектештик көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Азербайжан жана Түркиядан да көңүл айтуулар келди. Бул эки өлкөнүн тышкы саясат мекемелери Актау жээгиндеги кырсык тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын билдирип, каза болгондордун туугандарына жана жакындарына колдоо көрсөтүштү. Буга кошумча, Шанхай кызматташтык уюму, ЖККУ жана ТҮРКСОЙ да Казакстанга көңүл айтышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

