БШК: Шайлоочулардын катышуусу саат 10:00гө карата 17,96% түздү

БШК: Шайлоочулардын катышуусу саат 10:00гө карата 17,96% түздү

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы алгачкы шайлоочулардын катышуусу боюнча маалымат берди. Саат 10:00гө карата бир палаталуу Курултайга шайлоодо 2 миллион 264 миңден ашуун адам добуш берген. Өлкө боюнча шайлоочулардын катышуусу 17,96% түздү. Демек, ушул убакытка чейин ар бешинчи шайлоочу өз тандоосун жасаган. Бул убакытка чейин эң жогорку активдүүлүктү Кызылорда облусу көрсөттү - дээрлик 23%. Андан кийин Караганды облусу - 21%дан бир аз жогору жана Жетису облусу - болжол менен 21%. Астанада шайлоочулардын 17%дан ашыгы добуш беришти. Эске салсак, 12,5 миллиондон ашуун казакстандык добуш берүү укугуна ээ. Добуш берүү участкалары ишин улантууда, ал эми шайлоочулардын катышуусунун динамикасы күн бою жаңыланып турат. БШК кийинки расмий маалыматтарды Астана убактысы боюнча саат 14:00дө жарыялайт.

Которгон: Назира Бегалиева