Брюсселде Берлин Евразия клубунун 47-жыйыны өттү

Брюсселде Берлин Евразия клубунун 47-жыйыны өттү

Казакстан Европа менен Азиянын ортосундагы каттамдарда позициясын бекемдөөдө. Өлкөнүн географиялык абалы аны эл аралык логистиканын маанилүү түйүнүнө айландырууда. Брюсселдеги Берлин Евразия клубунун 47-жыйынында өлкөнүн, ошондой эле Евросоюздун жана Германиянын өкүлдөрү биргелешкен долбоорлорду жана транспорттук инфраструктураны модернизациялоону талкуулашты. Ортоңку коридорго өзгөчө көңүл бурулду. Практикалык натыйжа катары Президент Касым-Жомарт Токаевдин Германияга болгон акыркы сапары учурундагы жетишилген макулдашуулар болду. Тараптар 8 миллиард долларлык 40 келишимге кол коюшту.

Михаэль Хармс, Немец экономикасынын Чыгыш комитетинин аткаруучу мүдүрү:

– Биз мунун конкреттүү ишке ашыруу баскычына өткөнүнө абдан кубанычтабыз. Германиянын инвестициялары бар, андыктан немис фирмаларынын бул транспорттук каттамды колдонууга кызыгуу чоң. Эң негизгиси, бул Кытай менен Европа Биримдигинин ортосундагы жол гана эмес; бул Европа биримдиги үчүн барган сайын маанилүү болуп бара жаткан аймактын ортосундагы каттам жана логистикалык көпүрө.

Евро биримдик багытты өнүктүрүү үчүн 12 миллиард евро бөлгөн. Бирок бизнес үчүн инвестициялар гана эмес, жеткирүү мөөнөттөрү да маанилүү. Максаты – Азиядан Европага товарлардын тез жана болжолдуу өтүшүн камсыз кылуу.

Дамир Кожахметов, Казакстан Республикасынын Транспорт вице-министри:

– Азыр жеткирүү мөөнөтү 13-17 күндү түзөт. Албетте, биз кызматыбызды мындан ары жакшыртууга, 10-12 күнгө чейин жеткирүүгө умтулабыз. Өз тарабыбыздан, Ортоңку коридор маршруту боюнча милдеттенмелерибизди аткарабыз, башкача айтканда, Алтынкөлдөн Актауга, Актаудан Бакуга чейинки жеткирүү мөөнөтү бар, мунун баары сакталат.

Ортоңку коридор транспорттук каттам гана болбостон, жаңы инвестициялар жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү үчүн аянтчага айланууда. Порттук инфраструктураны мындан ары өркүндөтүү, терминалдарды жана логистикалык борборлорду куруу пландалууда. Мындай долбоорлор европалык компаниялар үчүн казак рыногуна кирүү чекити боло алат.

Мирко Новак, Федералдык логистика ассоциациясынын Евразиялык бөлүмүнүн мүдүрү:

– Казакстан бул долбоордо чечүүчү ролду ойнойт. Бирок бизди Ортоңку коридордун алкагындагы долбоорлор гана эмес, түз инвестициялар да кызыктырат. Биз Констанца, Поти жана Бакудагы объектилерди талдоодон баштап, азыр Актау жана Курыкка өттүк. Биз жаңы терминалдарды жана контейнердик хабдарды курууга кызыкдарбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков