Астананын «жашыл алкагы» дээрлик эки эсе кеңейтилет

Астананын «жашыл алкагы» дээрлик эки эсе кеңейтилет

Астананын жашыл талаасы жакынкы жылдары эки эсеге көбөйөт. Учурда адистер илимий изилдөө жана сыноо иштерин жүргүзүп жатышат. Андан соң долбоорлоо, аймакты белгилөө иштери жүргүзүлүп, ошондон кийин гана көчөттөрдү отургузуу башталат. Адистердин айтымында, бул иштердин баарына болжол менен 5 жылдай убакыт кетет. Белгилей кетсек, Астананы курчап турган жашыл талааны түзүү 90-жылдардын аягында башталган. Ошондо талаага 15 миң гектардай токой тигилген. Натыйжада, борбор калаадагы чаң бороондору 3 эсеге азайгандыгын синоптиктер белгилешет. Ал эми токой өзү тартуу борборуна айланган.

Ардак Хасенов, «Астана токою» ЖЧКсынын башкы агроному:

– Түштүк-Батыш бөлүгүндө жалпы узундугу 26 чакырым болгон велосипед жолу курулду. Андан кийин 2020-жылы узундугу 13200 метр болгон ат жолу курулду. Азыр мына ушундай соонун карагайлар, кайыңдар өсүп жатат. Биз ушундай кооз токой жараттык.

Бүгүнкү күндө аталган колго жасалган токойдо 36 түрдүү дарак өсөт. Флорадан кийин жаныбарлар дүйнөсү да жанданды. Алгач бул жерге коёндор келди. Андан кийин – түлкүлөр жана талаа түлкүлөрү. Азыр эликтерди, жада калса маралдарды да көрүүгө болот, ар кандай куштар учуп келишет. Бул натыйжанын артында ондогон адамдардын эмгеги турат. Алардын бири - Канатбек Саметов. Механизатор кесиби боюнча, ал токойчу болуп дээрлик он жылдан бери иштеп келет жана бул аймактын ар бир жерин билет.

Канатбек Саметов, токойчу:

–  Мага бул жумуш жагат – себеби жаратылыш. Ден соолукка пайдалуу: көп кыймылдайбыз, жөө басабыз, аба таза. Иш да, ырахат да болуп, бири-бирин толуктап турат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков