Астана шаардык борборунун тажрыйбасы өлкөнүн бардык аймактарына жайылтылат. Бул Президент Касым-Жомарт Токаевдин «Таза Казакстан» экологиялык акциясынын алкагында берген тапшырмаларынын бири. Премьер-министр Олжас Бектенов аларды ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, бардык облустарда шаар куруу чөйрөсүндөгү уюмдар түзүлүп, иштеп жатат. Акимчиликтер 2026–2027-жылдарга жол карталарын бекитишти – аларда шаар мейкиндигин өнүктүрүүнүн заманбап ыкмалары жазылган. Мындан тышкары, жаңы Курулуш кодексинде дизайн-код калктуу конуштардын архитектуралык көрүнүшүн иштеп чыгуу үчүн милдеттүү курал катары бекитилген. Жолдордун сапатына өзгөчө көңүл бурулду. Автожол тармагында колдонулган материалдардын бирдиктүү базасы түзүлүп, битумду колдонуу ыкмалары кайра каралып, курулуштун сапатын беш баскычтуу көзөмөлдөө киргизилген. Мамлекет башчысынын дагы бир тапшырмасы экологиялык маданиятты калыптандырууга байланыштуу. Жылдын аягына чейин мектептерде экологиялык агартуунун бирдиктүү стандартын кабыл алуу пландалууда. Ал «Жашыл мектеп» модели аркылуу киргизилет. Ал буга чейин 85 мектепте сыналган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

