Улуттук спорт заманбап санариптик форматта.
Этноспорт менен санариптик технологияларды бириктирген уникалдуу багыт Астанада
өткөн «Келечек оюндары – 2026» программасынын бир бөлүгү болуп калды.
Этнофиджитал үчүн «Улуу талаанын коду» мелдешинде казак улуттук оюндарынын
компьютердик версиясы сунушталды. Мелдештер 3 дисциплина боюнча өттү: асык
атуу, тогуз коргоол жана этнофиджитал бийи. Мелдешти Казак улуттук спорт
университети жана Этнофиджиталды өнүктүрүү академиясы уюштурду.
Турсынзада Куангалиева, Казак улуттук спорт
университетинин ректору:
– Ошентип, технологиялар улуттук спортко
атаандаш эмес, анын өнүгүүсүнүн куралы болуп калат. Бүгүнкү иш-чара жөн гана
мелдеш эмес. Бул келечектеги билим берүү программаларына, илимий изилдөөлөргө,
эл аралык сынактар жана кызматташтыкка негиз салган эксперименталдык аянтча.
Биз мындай долбоорлор улуттук мурасыбызды сактап гана тим болбостон, аны дүйнөгө
заманбап форматта тартуулоого мүмкүндүк берет деп ишенебиз.
Катышуучулар виртуалдык форматта да, спорт
аянтчасында да чеберчилигин көрсөтүштү. Жыйынтыктоочу натыйжа эки этапта
топтолгон упайлардан турат. Улуттук салттарды, спортту жана заманбап санариптик
технологияларды айкалыштырган мындай формат эл аралык коомчулуктун кызыгуусун жаратууда.
Константин Балаганский, Этнофиджиталды өнүктүрүү
академиясынын президенти /Орусия/ Этнофиджитал:
– Быйыл «Келечек оюндарына» 30дан ашык өлкө
катышып жатат, жана алар этнофиджитал форматтын өз өлкөлөрүндө пайда болушуна
абдан кызыкдар. Айрыкча Африка өлкөлөрүнөн чоң делегация келди. Булар негизинен
киберспорт жана фиджитал уюмдарынын жетекчилери.
Которгон: Назира Бегалиева

