Астанада төмөнкү көмүртек технологияларынын келечеги талкууланды

Астанада төмөнкү көмүртек технологияларынын келечеги талкууланды

Казакстан көмүртекти кармоо жана сактоо технологияларын өнүктүрүү үчүн келечектүү аянтчалардын бири боло алат. Буга өлкөнүн геологиялык өзгөчөлүктөрү жана өнүккөн мунай-газ сектору өбөлгө түзөт. Кеп CCUS технологиясы жөнүндө болуп жатат, ал өнөр жай объектилеринен көмүр кычкыл газын кармап, атмосферага чыгышына жол бербейт. Анын ишке ашыруу келечеги Астанада өткөн эл аралык конференциянын катышуучулары тарабынан талкууланды. Конференцияга Кытай, Улуу Британия, Германия, Нидерланды, Казакстан, АКШ жана Канададан келген окумуштуулар, өнөр жай жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чогулду. Негизги көңүл технологиялык чечимдерге, тармакты жөнгө салууга жана эл аралык кызматташтыкка бурулду. Серепчилер белгилешкендей, Казакстан үчүн бул багыт, айрыкча салттуу энергетиканын чоң үлүшүн жана өлкөнүн 2060-жылга чейин көмүртек нейтралдуулугуна жетүү жолун эске алганда, актуалдуу.

Сакен Калкаманов, жашыл технологиялар жана инвестициялык долбоорлор боюнча эл аралык башкармалыгынын төрагасы:

–  Биздин жер астындагы катмарларыбызда көмүр кычкыл газын кайра колдонуу маселелери изилденип жатат. Казакстандын мунай компаниялары азыркы учурда мунайды чыгарып алгандан кийин, анын ордуна катмарларга сууну айдап киргизүүдө. Бул технология катмарларга суу айдап киргизүү үчүн гана эмес, жалпы эле Казакстан үчүн кызыктуу, анткени көмүр кычкыл газын өндүрүштө, өнөр жайда колдонсо болот. Эң кымбат жана татаал нерсе – бул көмүр кычкыл газын кармоо, чогултуу, белгилүү бир жерге ташуу жана андан кийин аны кайра иштетүү. Ошондуктан, буга үйрөнүү керек.

Джон Н. Лафхед, Улуу Британиянын королдук инженердик академиясынын мүчөсү, Бирмингем университети:

–  Казакстан геологиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында бул тармакта олуттуу оюнчу боло алат. Өлкө өзү эмиссияны азайтууга кызыкдар, ошондой эле айрым өнөр жай процесстери түздөн-түз отунга көз каранды. Көп учурда аны алмаштыруу мүмкүн эмес, ошондуктан эмиссияны кармоо чечимдердин бири болушу мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков