Казакстанда билим берүү гранттарына документ кабыл алуу башталды

Казакстанда билим берүү гранттарына документ кабыл алуу башталды

Казакстанда билим берүү гранттарына катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат. Ушундай жол менен мектепти аяктагандар мамлекеттин эсебинен өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшыруу мүмкүнчүлүгүн алышат. Абитуриенттер теке айынын 20на чейин университеттердин жана институттардын кабыл алуу комиссиялары аркылуу же виртуалдык кызматтарды ошондой эле электрондук өкмөт порталын колдонуу менен документтерин тапшыра алышат. Белгилей кетсек, бакалавриат программаларына дээрлик 75 миң грант бөлүнгөн, алардын көбү техникалык адистиктерге туура келет. Тапшыруучулар үчүн Улуттук бирдиктүү тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча минималдуу чектик баллдар белгиленген. Анын ичинде «Педагогикалык илимдер» жана «Укук» багыттары боюнча 75, медициналык адистиктер үчүн 70, улуттук жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн 65, ал эми калган окуу жайларына 50 балл. Ошол эле учурда университеттер кошумча талаптарды белгилей алышат. Ал эми айыл жергесинен жана социалдык жактан аялуу катмарынан келген абитуриенттер үчүн колдоо чаралары каралган жана мамлекеттик квоталар иштейт. Белгилей кетсек, тандоо процесстеринин көбү автоматташтырылган, бул сынактын ачык-айкындуулугун жогорулатат. Билим берүү гранттарынын ээлеринин ысымдары баш оона айынын 10на чейин белгилүү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков